# 379-берене. Документтердин жасалмасын жасоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 46-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-379>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-379.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 379-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-379

---

1. Даярдоочунун өзү же башка адам тарабынан аны колдонуу максатында укуктарды берүүчү же милдеттерден бошотуучу расмий документти жасалмалоо, башкача айтканда расмий документке билип туруп анын чыныгы мазмунун бурмалаган жалган маалыматтарды же оңдоолорду киргизүү; же мындай документти сатып өткөрүү, ошого тете ошол эле максаттарда жасалма мөөрдү же мамлекеттик сыйлыкты даярдоо же аларды сатып өткөрүү, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Билип туруп жалган расмий документти пайдалануу, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Башка кылмышты жашыруу же анын жасалышын жеңилдетүү максатында жасалган, ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган жосундар, -

беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [378-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-378)  
Кийинки берене: [380-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-380)
