# 378-берене. Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 46-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-378>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-378.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 378-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-378

---

1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өтүү, -

бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Чек ара кызматын өтөп жаткан адамга карата өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу же аны колдоном деп коркутуу менен уюшкан топтун же кылмыштуу коомдоштуктун (уюмдун) мүчөсү тарабынан жасалган ошол эле жосун, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же Кыргыз Республикасынан чыгарып жиберүү менен же аны колдонбостон эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул берененин күчү чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын баш калкалоо укугун пайдалануу үчүн келген учурларына колдонулбайт.

---

Мурунку берене: [377-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-377)  
Кийинки берене: [379-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-379)
