# 377-берене. Жасалган кылмыш жөнүндө арызды же кайрылууну каттоодон баш тартуу же жашырып коюу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 46-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-377>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-377.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 377-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-377

---

1. Жасалган же болбосо даярдалып жаткан кылмыш жөнүндө арызды же кайрылууну кызмат адамы тарабынан каттоодон баш тартуу же жашырып коюу, -

эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган олуттуу, оор залалга же өзгөчө оор залалга алып келген жосун, -

эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [376-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-376)  
Кийинки берене: [378-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-378)
