# 374-берене. Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 46-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-374>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-374.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 374-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-374

---

1. Бийлик өкүлүнүн өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруусуна байланыштуу, бийлик өкүлүнө же анын жубайына, жакын туугандарына карата шантаж кылуу же өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдоном деп коркутуу, -

эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдарга карата өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу же өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирген зомбулукту колдоном деп коркутуу, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [373-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-373)  
Кийинки берене: [375-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-375)
