# 373-берене. Сот аткаруучусун, жеке сот аткаруучусун коркутуу же ага карата зомбулук кылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 45-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 июня 2026 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере исполнительного производства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046882)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309#diff=50116..53979>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-373>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-373.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 373-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-373

---

1. Аткаруу документтерин аткаруу боюнча сот аткаруучусунун, жеке сот аткаруучусунун ишине байланыштуу сот аткаруучусуна, же болбосо анын жубайына, жакын туугандарына карата өмүрү жана ден соолугу үчүн коркунуч келтирбеген шантаж кылуу же зомбулукту колдоном деп коркутуу, -

эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдарга карата өмүрү жана ден соолугу үчүн коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу же өмүрү жана ден соолугу үчүн коркунуч келтирген зомбулукту колдоном деп коркутуу, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [372-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-372)  
Кийинки берене: [374-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-374)
