# 372-берене. Жаза аткаруу тутумунун кызматкеринин талаптарына тобу менен баш ийбөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 45-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-372>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-372.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 372-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-372

---

1. Жаза-аткаруу тутумунун кызматкеринин мыйзамдуу талаптарына топтолуп баш ийбөөгө катышуу, же болбосо өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу менен коштолгон мыйзамсыз аракеттерди жасоого мажбурлоо, ошого тете мындай тобу менен баш ийбөөнү жана ошого мажбурлоону уюштуруу, -

үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Этиятсыздыктан оор залал келтирген ошол эле жосундар, -

беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [3711-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-3711)  
Кийинки берене: [373-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-373)
