# 371-берене. Жаза аткаруу тутумунун кызматкерин коркутуу же ага зомбулук кылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 45-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-371>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-371.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 371-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-371

---

1. Эркиндигинен ажыратуу же камакта кармоо жайларынын кызматкерине же болбосо анын жубайына, жакын туугандарына, көрсөтүлгөн кызматкердин кызматтык ишине байланыштуу, ошого тете соттолгон адамга карата анын түзөтүлүшүнө тоскоолдук кылуу же анын коомдук милдеттерди аткаргандыгы үчүн өч алуу максатында шантаж кылуу же өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу, -

үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдарга өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу же өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирген зомбулукту колдоном деп коркутуу, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [370-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-370)  
Кийинки берене: [3711-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-3711)
