# 370-берене. Соттун өкүмүн, соттун чечимин же башка соттук актыны аткарбоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 45-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 ноября 2025 года № 250 "О внесении изменений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034088)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309#diff=40585..40773>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-370>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-370.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 370-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-370

---

1. Мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмүн, соттун чечимин же башка соттук актыны адам белгиленген мөөнөттө аткарбагандыгы, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же болбосо үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Кызмат адамы кол алдындагы кызматкерди белгилүү бир кызмат ордун ээлөө укугунан ажыратуу жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмүн аткарбагандыгы, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.

(КР 2025-жылдын 3-ноябрындагы № 250 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [369-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-369)  
Кийинки берене: [371-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-371)
