# 37-берене. Кылмыш жасоого аракеттенүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-37>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-37.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 37-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-37

---

1. Ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн тиешелүү беренесинде каралган кылмышты жасоого түздөн-түз багытталган, түз кара ниетте адам тарабынан жасалган жосун (аракет же аракетсиздик), эгерде кылмыш адамдын эркине көз каранды болбогон себептер боюнча аягына чыгарылбаса, кылмыш жасоого аракеттенүү деп таанылат.

2. Кылмыш жасоого аракеттенүү үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги аяктаган кылмыш үчүн жоопкерчилик каралган ушул Кодекстин тиешелүү беренесинде ушул беренеге таянуу менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [36-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-36)  
Кийинки берене: [38-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-38)
