# 368-берене. Эркиндигинен ажыратуу жайларынан же кайтаруудан качуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 45-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 июня 2026 года № 87 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047136)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309#diff=54749..54795>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-368>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-368.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 368-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-368

---

1. Эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазасын өтөп жаткан же алдын ала камакка алынган адам тарабынан жасалган түзөтүү мекемелеринен же кайтаруудан качуу, -

үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) адамдардын тобу тарабынан;

2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

3) уюшкан топ тарабынан;

4) кылмыштуу коомдоштуктун курамында;

5) кылмыштардын коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу рецидивинде -

үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган куралды колдонуу же каражаттарды курал катары пайдалануу менен жасалган жосундар, -

беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Биринчи жолу качкан учурдан тартып үч күндүк мөөнөттө эркиндигинен ажыратуу жайларына же камакка ыктыярдуу кайтып келген адамдар ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган жосундар үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 11-июнундагы № 87 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [367-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-367)  
Кийинки берене: [369-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-369)
