# 367-берене. Кылмышты жаап-жашыруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 44-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-367>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-367.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 367-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-367

---

1. Оор кылмышты мурда убадалашпаган жаап-жашыруу, -

бир жылдан үч жылга чейинки. мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Өзгөчө оор кылмышты мурда убадалашпаган жаап-жашыруу, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Мурда убадалашпаган жаап-жашыруу үчүн кылмыш жасаган адамдын жубайы, ата-энеси, балдары, асырап алуучулары, асырап алынганы, бир тууган же аталаш-жатындаш ага-инилери жана эже-сиңдилери, чоң атасы, таятасы, чон энеси, таенеси, небереси жоопкерчиликке тартылбайт.

---

Мурунку берене: [366-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-366)  
Кийинки берене: [368-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-368)
