# 364-берене. Жалган көрсөтмөлөр, эксперттин корутундусу же туура эмес котормо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 44-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-364>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-364.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 364-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-364

---

1. Адам кылмыш жасады деп шектенүү же айыптоо менен бириктирилген жарандык же болбосо кылмыш-жаза сот өндүрүшүндө же сотко чейинки өндүрүштө билип туруп берилген күбөнүн, жабырлануучунун жалган көрсөтмөлөрү, же болбосо эксперттин жалган корутундусу же көрсөтмөлөрү, адистик жалган көрсөтмөлөрү, ага тете, билип туруп туура эмес которуу, -

эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Аткаруу өндүрүшүндө эксперттин билип туруп чыгарган жалган корутундулары же адистин көрсөтмөлөрү, ошого тете билип туруп туура эмес которуу, -

бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же жүздөн үч жүз саатка чейин коомдук иштерге жазаланат. Эскертүү. Эгерде сотко чейинки өндүрүштө же соттук териштирүүдө соттун өкүмү же соттун чечими чыгарылганга чейин берген көрсөтмөлөрүнүн жалгандыгы жөнүндө же билип туруп туура эмес которгондугун билдирсе, күбө, жабырлануучу, же котормочу ушул беренеде каралган жосун үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.

---

Мурунку берене: [363-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-363)  
Кийинки берене: [365-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-365)
