# 363-берене. Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 44-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-363>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-363.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 363-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-363

---

1. Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо, -

эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо кырктан жүз саатка чейинки коомдук жумушка тартууга, же 200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) оор же өзгөчө оор кылмыш жасады деген айыптоо менен:

2) айыптоонун далилдерин жасалма түзүү менен;

3) пайда табуу ниетинде;

4) уюшкан топ тарабынан;

5) кылмыштуу коомдоштуктун курамында, -

бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [362-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-362)  
Кийинки берене: [364-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-364)
