# 362-берене. Пара алууга же коммерциялык сатып алууга чагымчылык

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 44-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-362>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-362.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 362-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-362

---

Пара алууга же коммерциялык сатып алууга чагымчылык жасоо, башкача айтканда кызмат адамына, же болбосо коммерциялык же башка уюмдарда башкаруу функцияларын аткаруучу адамга, анын макулдугусуз кылмыш далилдерин жасалма түзүү, же болбосо шантаж кылуу максатында пара берүү аракети, - 1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Төмөнкүлөр пара же коммерциялык сатып алуу чагымчылыгы болуп эсептелбейт: пара алууга (же болбосо коммерциялык сатып алууга) умтулгандыктын белгилери жок болсо, аны алгандыгынын бетин кийин ачуу максатында мындай ниетти аныктоо (ишке ашыруу) үчүн мүмкүндүктү түзүү менен коштолгон, пара алуу ниети адамда бар экендигин алгачкы тергөө органынын кызматкери, тергөөчү же прокурор тарабынан аныкталуусу жана документтештирилиши; кызмат адамынын коррупцияга ниеттенгендигине мыйзамга ылайык текшерүүнү жүргүзүү, ал адам өзүнө карата ушундай текшерүүнү жүргүзүүгө алдын ала макулдугун берсе.

---

Мурунку берене: [361-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-361)  
Кийинки берене: [363-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-363)
