# 361-берене. Далилдерди бурмалоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 44-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-361>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-361.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 361-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-361

---

1. Ишке катышуучу адамдын же анын өкүлүнүн жарандык иш боюнча далилдерди бурмалоосу, -

бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү иштерине же 200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ыкчам издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдын кызматкери тарабынан атайын тергөө аракеттерин, алардын протоколдорун же алардын тиркемелерин бурмалоо, же болбосо кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн жүрүшүндө сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруучу адам, кылмыш-жаза процессуалдык аракеттерге катышуучу прокурор, адис же адвокат тарабынан далилдерди бурмалоо, -

эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [360-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-360)  
Кийинки берене: [362-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-362)
