# 360-берене. Жалган көрсөтмө берүүгө мажбурлоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 44-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-360>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-360.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 360-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-360

---

Сотко чейинки өндүрүштү ишке ашыруучу же алгачкы текшерүү органынын кызмат адамы тарабынан шантаж кылуу же өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдоном деп коркутуу же башка мыйзамсыз аракеттерди жасоо жолу менен (ушул Кодекстин 137-беренесинде каралган кыйноолордон башка) шектелгенди, айыпталганды, жабырланганды, күбөнү жалган көрсөтмө берүүгө, же болбосо экспертти, адисти жалган корутунду же көрсөтмө берүүгө мажбурлоо, - эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [359-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-359)  
Кийинки берене: [361-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-361)
