# 36-берене. Кылмышка даярдык көрүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-36>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-36.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 36-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-36

---

1. Адамдын атайылап кылмыш жасаганга каражаттарды же куралдарды издөөсү же ылайыкташтыруусу, кошо катышуучуларды издөөсү, кылмыш жасоого бүтүмү же болбосо кылмыш жасоо үчүн шарттарды атайылап түзүүсү, эгерде ошол эле учурда анын эркинен көз карандысыз себептер боюнча кылмыш аягына чейин чыгарылбаса, кылмышка даярдык көрүү деп таанылат.

2. Кылмыш-жаза жоопкерчилиги оор же өзгөчө оор кылмыштарга даярдык көргөндүк үчүн гана келип чыгат.

3. Кылмышка даярдык көргөндүгү үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги ушул беренеге таянуу менен, аяктаган кылмыш сыяктуу эле, ушул Кодекстин ошол эле беренеси боюнча колдонулат.

---

Мурунку берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-35)  
Кийинки берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-37)
