# 356-берене. Сотко чейинки тергөөнүн маалыматтарын ачыкка чыгаруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 44-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-356>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-356.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 356-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-356

---

1. Сотко чейинки өндүрүштүн же жабык соттук териштирүүнүн маалыматтарын мыйзамда белгиленген тартипте ачыкка чыгаруунун жол берилбестиги жөнүндө эскертилген адам тарабынан ачыкка чыгаруу, эгерде сотко чейинки териштирүүнүн маалыматтарын прокурордун же тергөөчүнүн макулдугусуз ачыкка чыгаруу, ошондой эле жабык соттук териштирүүнүн маалыматтарын судьянын макулдугусуз ачыкка чыгаруу, -

200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.

2. Прокурор, тергөөчү же башка кызмат адамы тарабынан сотко чейинки өндүрүштүн маалыматтарынын ачыкка чыгарылышы, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейинки өлчөмдө айып салууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [355-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-355)  
Кийинки берене: [357-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-357)
