# 355-берене. Сотко чейинки өндүрүшкө байланыштуу коркутуу же зомбулук кылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 44-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-355>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-355.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 355-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-355

---

1. Сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашырууга жана/же ага катышууга байланыштуу тергөө судьясына, тергөөчүгө, прокурорго, алгачкы текшерүү органынын кызматкерине, адвокатка, мыйзамдуу өкүлгө же өкүлгө, анын жубайына, жакын туугандарына карата зомбулукту колдоном, ден соолугуна залал келтирем, өлтүрөм деп шантаж кылуу же коркутуу, ага тете мүлктү жок кылам же бүлүндүрөм деп коркутуу, -

эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашырууга жана (же) ага катышууга байланыштуу зомбулукту колдонуу, ден соолукка залал келтирүү же мүлктү жок кылуу же бүлүндүрүү, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [354-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-354)  
Кийинки берене: [356-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-356)
