# 351-берене. Сот адилеттигин ишке ашырууга байланышкан коркутуу же зомбулук

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 43-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-351>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-351.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 351-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-351

---

1. Ишти же материалдарды сотто кароого байланыштуу судьяга же сот арачысына, соттук отурумдун катчысына, прокурорго, адвокатка, анын жубайына, жакын туугандарына карата зомбулукту колдоном жана ден соолугуна залал келтирем, өлтүрөм деп шантаж кылуу жана/же коркутуу, ага тете мүлктү жок кылам же болбосо бузам деп коркутуу, -

эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ишти же материалдарды сотто кароого байланыштуу судьяга же сот арачысына, соттук отурумдун катчысына, прокурорго, адвокатка, анын жубайына, жакын туугандарына карата зомбулукту колдонуу, ден соолугуна залал келтирүү, ошого тете мүлктү жок кылуу же талкалоо, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [350-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-350)  
Кийинки берене: [352-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-352)
