# 347-берене. Паспортту мыйзамсыз берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 42-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 декабря 2024 года № 209 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере противодействия коррупции"](https://aqlex.ai/kg/doc/230020397)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309#diff=23463..24614>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-347>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-347.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 347-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-347

---

1. Кызмат адамы же мамлекеттик кызматчы тарабынан чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун мыйзамсыз берүү, ошого тете кызмат адамы же болбосо мамлекеттик кызматчы тарабынан же кызмат адамы болуп саналбаган муниципалдык кызматтын кызматчысы тарабынан документтерге билип туруп жалган маалыматтарды киргизүү, атайылап же этиятсыздыктан Кыргыз Республикасынын жарандыгын мыйзамсыз алууга алып келсе же башка олуттуу залал келтирсе, -

белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун мыйзамсыз даярдоо, сатуу жана пайдалануу, -

учурдагы саясий баш паанегин эске алуу менен чет өлкөлүк жарандарга же жарандыгы жок адамдарга карата аларды Кыргыз Республикасынан чыгарып жиберүү менен же аны колдонбостон, мүлкүн конфискациялоо менен, белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 31-декабрындагы № 209 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [346-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-346)  
Кийинки берене: [348-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-348)
