# 345-берене. Пара берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 42-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 декабря 2024 года № 209 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере противодействия коррупции"](https://aqlex.ai/kg/doc/230020397)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309#diff=23463..24614>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-345>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-345.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 345-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-345

---

1. Кызмат адамына, чет өлкөлүк кызмат адамына же болбосо эл аралык уюмдун кызмат адамына өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда бул кызмат адамы кандайдыр бир аракеттерди аткаргандыгы же аткарбагандыгы үчүн жеке кызмат адамы же башка жеке же юридикалык жак үчүн өзү же ортомчулар аркылуу акча, баалуу кагаз, башка мүлк же мүлктүк же мүлктүк эмес мүнөздөгү пайда түрүндө пара берүү, ага тете параны кабыл алууну сунуштоо же пара берүүгө убада кылуу, -

эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар:

1) ири өлчөмдө;

2) билип туруп мыйзамсыз аракет (аракетсиздик) жасагандыгы үчүн;

3) кызмат адамы, анын ичинде жооптуу абалды ээлеген кызмат адамы тарабынан жасалган, -

белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган, өзгөчө ири өлчөмдө жасалган жосундар, -

мүлкүн конфискациялоо менен, белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Эгерде кызмат адамы тарабынан пара опузалап алынса же эгерде адам кылмыш ишин козгоого укугу бар органга пара берүү жөнүндө ыктыярдуу билдирсе, пара берген адам ушул беренеде каралган аракет үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат. (Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 31-декабрындагы № 209 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [344-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-344)  
Кийинки берене: [346-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-346)
