# 344-берене. Пара алууда ортомчулук кылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 42-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 декабря 2024 года № 209 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере противодействия коррупции"](https://aqlex.ai/kg/doc/230020397)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309#diff=23463..24614>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-344>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-344.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 344-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-344

---

1. Пара берүүчүнүн же пара алуучунун тапшырмасы боюнча параны берүү боюнча аракеттерди жасоо, же болбосо алардын ортосундагы параны алуу жана берүү жөнүндө макулдашууга жетишүүдө же болбосо аны ишке ашырууда пара берүүчүгө жана (же) пара алуучуга башкача көмөк көрсөтүү, -

эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын пайдалануу менен;

2) ири өлчөмдөгү пара берүүдө же алууда, -

белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган, өзгөчө ири өлчөмдө жасалган жосундар, -

мүлкүн конфискациялоо менен, белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

4. Паракорлукта ортомчулук кылууга убада берүү же сунуш кылуу, -

белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Эгерде пара алууда же башка адамга пара берүүдө ортомчу болгон адам кылмыш ишин козгоого укугу бар органга бул жөнүндө ыктыярдуу билдирсе жана кылмышты ачууга жана (же) бөгөт коюуга көмөктөшсө, ал ушул беренеде каралган аракет үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат. (Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 31-декабрындагы № 209 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [343-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-343)  
Кийинки берене: [345-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-345)
