# 342-берене. Пара алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 42-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 декабря 2024 года № 209 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере противодействия коррупции"](https://aqlex.ai/kg/doc/230020397)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309#diff=23463..24614>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-342>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-342.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 342-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-342

---

1. Кызмат адамынын, чет өлкөлүк кызмат адамынын, же болбосо эл аралык уюмдун кызмат адамынын пара берүүчүнүн же анын атынан иш жүргүзүүчү адамдын пайдасына кызмат адамынын кызматтык ыйгарым укуктарына кирген, же болбосо аларга өзүнүн кызматтык абалы боюнча көмөктөшө алган аракеттери (аракетсиздиги) үчүн жеке өзү же ортомчу аркылуу пара алуусу, ошого тете пара алууга макулдук берүүсү, -

мүлкүн конфискациялоо менен, белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) мыйзамсыз аракеттери (аракетсиздиги) үчүн;

2) мамлекеттик же муниципалдык кызмат тутумундагы кызмат ордун бергендиги үчүн;

3) адамдардын тобу тарабынан;

4) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

5) ири өлчөмдө, -

мүлкүн конфискациялоо менен, белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган, төмөнкүдөй жасалган аракеттер:

1) өзгөчө ири өлчөмдө;

2) жооптуу абалды ээлеген кызмат адамы тарабынан, -

мүлкүн конфискациялоо менен, белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен жети жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул Кодекстин 342-345 жана 362-беренелеринде пара деп пара берүүчүнүн же анын атынан иш жүргүзүүчү адамдын пайдасына жасалган аракеттер (аракетсиздиги) үчүн берилүүчү же алынуучу акчалар, баалуу кагаздар, башка мүлктөр же мүлктүк мүнөздөгү пайдалар түшүнүлөт. Ушул Кодекстин 342-345-беренелеринде ири өлчөмдөгү пара деп кылмыш жасоо учуруна карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн өлчөмү - бир миң эсе ашкан, ал эми өзгөчө ири өлчөмдөгү пара деп он миң эсе ашкан пара эсептелет. (Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 31-декабрындагы № 209 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [341-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-341)  
Кийинки берене: [343-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-343)
