# 339-берене. Билип туруп пайдасыз контракт түзүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 42-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 декабря 2024 года № 209 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере противодействия коррупции"](https://aqlex.ai/kg/doc/230020397)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309#diff=23463..24614>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-339>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-339.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 339-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-339

---

1. Кызмат адамы тарабынан билип туруп мамлекет үчүн пайдасыз келишим түзүү, ага тете мындай кызмат адамы тарабынан ири зыян келтирген мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруу, -

белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар:

1) адамдардын тобу тарабынан;

2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

3) өзгөчө ири зыянды келтирүү менен, -

мүлкүн конфискациялоо менен, белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 31-декабрындагы № 209 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [3381-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-3381)  
Кийинки берене: [340-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-340)
