# 3381-берене. Мыйзамдуу ишкердик ишине тоскоолдук кылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 42-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 декабря 2024 года № 209 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере противодействия коррупции"](https://aqlex.ai/kg/doc/230020397)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 31.12.2024 [Закон КР от 31 декабря 2024 года № 209 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере противодействия коррупции"](https://aqlex.ai/kg/doc/230020397); 22.07.2024 [Закон КР от 22 июля 2024 года № 133 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере защиты прав предпринимателей и инвесторов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011167)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309#diff=23463..24614>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-3381>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-3381.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 3381-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-3381

---

1. Жеке ишкерди же юридикалык жакты мамлекеттик каттоодон мыйзамсыз баш тартуу же болбосо аларды каттоодон качуу, белгилүү бир ишти жүзөгө ашырууга атайын уруксат (лицензия) берүүдөн мыйзамсыз баш тартуу же болбосо аны берүүдөн качуу, жеке ишкердин же юридикалык жактын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын мыйзамсыз чектөө же болбосо уюштуруу-укуктук формасына карабастан жеке ишкердин же юридикалык жактын ишине башка мыйзамсыз кийлигишүү, эгерде бул жосундар кызмат адамы тарабынан өзүнүн кызматтык абалын пайдалануу менен жеке ишкердин же юридикалык жактын укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына олуттуу залал келтирүү менен жасалса, -

мүлкүн конфискациялоо менен, белгилүү кызмат орундарын ээлөө же болбосо белгилүү иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүлөр тарабынан жасалган ошол эле жосун:

1) адамдардын тобу тарабынан;

2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан, -

мүлкүн конфискациялоо менен, белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 22-июлундагы № 133, 2024-жылдын 31-декабрындагы № 209 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [338-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-338)  
Кийинки берене: [339-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-339)
