# 336-берене. Коррупция

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 42-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 декабря 2024 года № 209 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере противодействия коррупции"](https://aqlex.ai/kg/doc/230020397)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309#diff=23463..24614>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-336>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-336.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 336-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-336

---

1. Коррупция - материалдык, ар кандай башка байлыктарды жана артыкчылыктарды мыйзамсыз алуу, ошондой эле коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыгына коркунуч келтирүүчү жеке адамдарга жана юридикалык жактарга бул байлыктарды жана артыкчылыктарды берүү максатында бийлик ыйгарым укугуна ээ болгон бир же бир нече кызмат адамдарынын айрым жактар же топтор менен укукка жат туруктуу байланыш түзүшүндө турган атайлап жасалган аракеттер, -

мүлкүн конфискациялоо менен, белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен он жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Уюшкан топтун, кылмыштуу коомдоштуктун кызыкчылыгында жасалган же оор залал алып келген ошол эле жосун, -

мүлкүн конфискациялоо менен, белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен он эки жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 31-декабрындагы № 209 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [335-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-335)  
Кийинки берене: [337-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-337)
