# 334-берене. Мамлекеттик сырды камтыган маалыматтарды алып жүрүүчүлөрдү жоготуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 41-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-334>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-334.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 334-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-334

---

1. Мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды алып жүрүүчүлөрдү колдонууга карата белгиленген эрежелерди атайылап же этиятсыздыктан бузуу, мамлекеттик же аскердик сырды камтыган маалыматтарды алып жүрүүчүлөрдү кызматы же иши боюнча, же болбосо мыйзамда каралган башка негиздер боюнча ишенип берилген адам тарабынан этиятсыздыктан жоготуу, -

200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Этиятсыздыктан оор залал келтирген ошол эле жосун, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [333-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-333)  
Кийинки берене: [335-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-335)
