# 333-берене. Мамлекеттик сырды ачыкка чыгаруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 41-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-333>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-333.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 333-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-333

---

1. Мамлекеттик чыккынчылыктын же тыңчылыктын белгилери болбогондо, мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтардын ушул маалыматтар ишенип берилген же кызматы же иши боюнча белгилүү болуп калган адам тарабынан ачыкка чыгуусу, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.

2. Этиятсыздыктан оор залал келтирген ошол эле жосун, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [332-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-332-1)  
Кийинки берене: [334-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-334)
