# 332-берене. Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 41-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 июля 2025 года № 160 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере противодействия экстремистской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030073)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309#diff=34735..35681>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-332>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-332.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 332-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-332

---

1. Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу, ташуу же жөнөтүү, же болбосо жайылтуу максатында аларды сатып алуу же сактоо, экстремисттик уюмдардын символикасын жана атрибутикасын пайдалануу, ошондой эле Интернет тармагы же жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу пайдалануу, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар:

1) адамдардын тобу тарабынан;

2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

3) чет өлкөлүк коомдук бирикмелерден, диний, же болбосо башка уюмдардан же чет өлкөлүк жарандардан алынган финансылык же башка материалдык жардамды колдонуу менен;

4) өзүнүн кызмат абалынан пайдалануу менен;

5) коомдук иш-чараларды өткөрүү убагында, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (КР 2025-жылдын 28-июлундагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [331-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-331)  
Кийинки берене: [332-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-332-1)
