# 331-берене. Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 41-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 июня 2026 года № 87 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047136)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 11.06.2026 [Закон КР от 11 июня 2026 года № 87 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047136); 28.07.2025 [Закон Кыргызской Республики от 28 июля 2025 года № 160 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере противодействия экстремистской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030073)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309#diff=54749..54795>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-331>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-331.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 331-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-331

---

1. Иши улуттук, этностук, расалык, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу, улуттук ар-намысты кемсинтүү, жарандардын дини, улуту же расалык таандыктыгы, жашаган жеринин белгилери боюнча бөтөнчөлүгүн, артыкчылыгын, же болбосо кемчиликтерин пропагандалоо менен коштолгон экстремисттик уюмду түзүү, жетектөө, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Экстремисттик ишти жүзөгө ашыргандыгына байланыштуу сот тарабынан аны жоюу же анын ишине тыюу салуу жөнүндө чечим кабыл алынган экстремисттик уюмдун ишин уюштуруу, ошого тете жарандарды анын ишине азгыруу, көндүрүү, тартуу, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Кыргыз Республикасынын аймагында экстремисттик ишти уюштурууну, даярдоону же жүзөгө ашырууну каржылоо ниетинде же каражаттардын ушул максаттарга толук же жарым-жартылай колдонула тургандыгын түшүнүү менен ар кандай методдор же ыкмалар менен, түз же кыйыр (үчүнчү жактар аркылуу) түрдө каражаттарды берүү, финансылык кызматтарды көрсөтүү же каражаттарды чогултуу, -

мүлкүн конфискациялоо менен эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен он жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

4. Ушул берененин 1, 2 жана 3-бөлүктөрүндө каралган, төмөнкүдөй жасалган жосундар:

1) адамдардын тобу тарабынан;

2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

3) кызмат абалынан пайдалануу менен адам тарабынан, -

мүлкүн конфискациялоо менен үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен он эки жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

5. Экстремисттик ишти жүзөгө ашыргандыгына байланыштуу аны жоюу же ишине тыюу салуу жөнүндө сот тарабынан чечим кабыл алынган экстремисттик уюмдун ишине катышуу, -

эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга же 200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат. Эскертүү. Экстремисттик ишти жүзөгө ашыргандыгына байланыштуу аны жоюу же ишине тыюу салуу жөнүндө сот тарабынан мыйзамдуу күчүнө кирген чечим кабыл алынган экстремисттик уюмдун ишине катышуусун ыктыярдуу токтоткон адам, эгерде ал мындай уюмдун уюштуруучуларын табууга жана кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга укук коргоо органдарына көмөк көрсөтсө, ушул беренеде каралган жосун үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат. Ушул беренеде каралган кылмышты биринчи жолу жасаган адам, эгерде ал экстремисттик ишти каржылоо жөнүндө өз ыктыяры менен билдирсе жана (же) кылмышты ачууга жана алдын алууга көмөк көрсөтсө, эгерде анын иш-аракеттеринде кылмыштын башка курамы жок болсо, кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат. Ушул беренеде экстремисттик мүнөздөгү кылмышты жасоого даярданып жаткан же жасаган адамдарга таандык каражаттарды же экстремисттик уюмдун контролундагы каражаттарды алуу же сактоо, же болбосо мындай каражаттар менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жасоо же аларды башкаруу финансылык кызмат көрсөтүү болуп саналат. (Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 160, 2026-жылдын 11-июнундагы № 87 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [330-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-330)  
Кийинки берене: [332-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-332)
