# 330-берене. Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 41-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-330>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-330.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 330-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-330

---

1. Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутууга, улуттук ар-намысты кемсинтүүгө багытталган аракеттер, ошого тете жарандардын дини, улуту же расалык таандыктыгы боюнча бөтөнчөлүгүн, артыкчылыгын же кемчиликтерин пропагандалоо, ачык же жалпыга маалымдоо каражаттарын пайдалануу, ошондой эле Интернет тармактарынын жардамы менен жасалса, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар:

1) өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу менен же аны колдоном деп коркутуу менен;

2) кызмат абалынан пайдалануу менен;

3) адамдардын тобу тарабынан;

4) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

5) уюшкан топ тарабынан;

6) кылмыштуу коомдоштуктун курамында, -

беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [329-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-329)  
Кийинки берене: [331-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-331)
