# 324-берене. Тыңчылык

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 41-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-324>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-324.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 324-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-324

---

1. Чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адамдар тарабынан жасалган мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды чет мамлекетке, чет өлкөлүк уюмга же алардын өкүлдөрүнө берүү максатында аларды берүү, чогултуу, уурдоо же сактоо, ошого тете чет өлкөлүк чалгындоонун тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна зыян келтирүүгө колдонуу үчүн башка маалыматтарды берүү, чогултуу же уурдоо, -

мүлкүн конфискациялоо менен жети жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Согуш убагында жасалган ошол эле жосун, -

мүлкүн конфискациялоо менен он жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [323-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-323)  
Кийинки берене: [325-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-325)
