# 323-берене. Мамлекеттик чыккынчылык

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 41-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-323>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-323.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 323-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-323

---

1. Мамлекеттик чыккынчылык, башкача айтканда Кыргыз Республикасынын жараны жасаган, Кыргыз Республикасынын тышкы коопсуздугуна зыян келтирүү менен иш жүргүзүүдө мамлекеттик сырларды берүү, тыңчылык кылуу же чет мамлекетке же чет өлкөлүк уюмга башка жардам көрсөтүү, -

мүлкүн конфискациялоо менен жети жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Согуш убагында жасалган ошол эле жосун, -

мүлкүн конфискациялоо менен он жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул Кодекстин ушул беренесинде же 324-беренесинде каралган кылмышты жасаган адам, эгерде ал бийлик органдарына ыктыярдуу түрдө жана өз убагында билдирсе же Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына зыян келтирүүгө бөгөт коюуга башкача түрдө көмөктөшсө, ушул беренелерде аларга каралган жосундар үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.

---

Мурунку берене: [322-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-322)  
Кийинки берене: [324-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-324)
