# 320-берене. Зыян келтирүүчү программалык продуктуларды түзүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 40-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309#diff=40749..1283353>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-320>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-320.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 320-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-320

---

1. Программалык продуктуну пайдалануу, же болбосо жайылтуу максатында түзүү же компьютердик маалыматка жана электрондук документтерге санкцияланбаган жеткиликтүүлүктү жүзөгө ашыруу жана көчүрүү, жок кылуу, бөгөт коюу, өзгөртүү же маалыматтык коргоо каражаттарын нейтралдаштыруу, маалымат тутумдарынын же электр байланыш тармагынын ишин бузуу үчүн алдын ала багытталган иштеп жаткан программалык продуктуларга өзгөртүүлөрдү киргизүү, ошого тете ири залал же башка оор зыян келтирүүгө алып келүүчү мындай программалык продуктуларды атайылап пайдалануу жана жайылтуу, -

кырктан жүз саатка чейин коомдук иштерге же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

2) этиятсыздыктан ири зыян же башка оор залал келтирүү менен;

3) опурталдуу маалыматтык инфратүзүмгө тиешелүү маалымат тутумдарына жана электр байланыш тармактарына карата, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (КР 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [319-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-319)  
Кийинки берене: [321-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-321)
