# 319-берене. Компьютердик маалыматка жана электрондук документтерге, маалымат тутумуна же электр байланыш тармагына cанкцияланбаган жеткиликтүүлүк

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 40-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309#diff=40749..1283353>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-319>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-319.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 319-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-319

---

1. Бөтөн корголуучу компьютердик маалыматка жана электрондук документтерге, маалымат тутумуна же электр байланыш тармагына маалыматты жок кылууга, бөгөт коюуга, өзгөртүүгө алып келген, ошого тете маалыматты иштеп чыгуу түзүлүштөрүн бузууга же ишин токтотууга алып келген, атайылап же этиятсыздыктан олуттуу зыян келтирген санкцияланбаган жеткиликтүүлүк, -

кырктан жүз саатка чейин коомдук иштерге же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

2) этиятсыздыктан ири зыян же башка оор залал келтирүү менен;

3) опурталдуу маалыматтык инфратүзүмгө тиешелүү болгон маалымат тутумдарына же электр байланыш тармактарына карата, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Компьютердик маалыматты же электрондук документти атайылап жок кылуу, өзгөртүү, бөгөт коюу, жараксыз абалга келтирүү же болбосо маалымат системаларын же электр байланыш тармактарын иштен чыгаруу, бузуу максатында жасалган, ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган жосун, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган, төмөнкүлөр жасаган жосун:

1) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

2) ири зыян же башка оор залал келтирүү менен;

3) опурталдуу маалымат инфратүзүмүнө тиешелүү болгон маалымат тутумдарына же электр байланыш тармактарына карата, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен, же аны колдонбостон беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (КР 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [318-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-318)  
Кийинки берене: [320-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-320)
