# 318-берене. Автомобиль жолдорун пайдалануу жана аларды сактоо эрежелерин бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 39-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-318>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-318.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 318-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-318

---

1. Автомобиль жолдорун пайдалануу жана аларды сактоо эрежелерин атайылап же этиятсыз бузуу, башкача айтканда автомобиль жолдорунда, же болбосо аларды бөлүү тилкелеринде, жер алдындагы же жер бетиндеги коммуникацияларды тиешелүү уруксаты жок төшөө, оңдоо, бул иштерди аткаруунун белгиленген шарттарын жана мөөнөттөрүн сактабоо, аркаларды, тосмолорду, шлагбаумдарды же башка курулмаларды өзү билип тургузуу, жолдорго материалдарды же предметтерди жыйноо, жол төшөлмөсүн бузуу, эгерде этиятсыздыктан олуттуу залал келтирсе, -

эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен 200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.

2. Этиятсыздыктан оор залал келтирген ошол эле жосундар, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [317-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-317)  
Кийинки берене: [319-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-319)
