# 316-берене. Транспорттун коопсуз иштөөсүн камсыз кылуучу эрежелерди бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 39-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-316>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-316.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 316-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-316

---

1. Жүргүнчү, жөө киши же кыймылдын башка катышуучусу тарабынан кыймылдын же транспорттун бардык түрлөрүн пайдалануунун коопсуздук эрежелерин атайылап же этиятсыздыктан бузса, бул этиятсыздыктан олуттуу залал келтирилсе, -

200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.

2. Этиятсыздыктан оор залал келтирген ошол эле жосун, -

эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [315-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-315)  
Кийинки берене: [317-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-317)
