# 315-берене. Мас абалындагы адамдын автомототранспорт каражатын айдоосуна жол берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 39-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-315>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-315.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 315-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-315

---

1. Алкоголдон, баңгизаттан же башкадан мас болгон абалдагы адамга, же болбосо бул каражаттарды башкарууга укугу жок адамга мындай транспорттук каражатты пайдаланууга жооптуу адам тарабынан автомототранспорт каражатын башкарууга жол берүүсү, ошого тете айдоочу же автомототранспорт каражатынын ээси тарабынан аны мас абалындагы адамга, же болбосо бул каражатты айдоого укугу жок адамдын айдоосуна жол берүүсү, бул этиятсыздыктан оор залал келтирсе, -

эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен 200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.

2. Этиятсыздыктан өзгөчө оор залал келтирген ошол эле жосун, -

бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [314-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-314)  
Кийинки берене: [316-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-316)
