# 312-берене. Транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 39-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 июня 2026 года № 81 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам обеспечения безопасности дорожного движения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047510)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309#diff=53979..54749>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-312>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-312.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 312-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-312

---

1. Транспорт каражатын башкарган адам тарабынан транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун этиятсыздыктан ден соолугуна анча оор эмес залал келтирген коопсуздук эрежелерин бузуу –

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен 800дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга жазаланат.

2. Этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келтирген ошол эле жосун – 1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же үч жылдан алты жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Этиятсыздыктан ден соолугуна өзгөчө оор залал келтирген ошол эле жосун – алты жылдан тогуз жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

4. Ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрдө каралган, алкоголду, күчтүү таасир этүүчү заттарды, баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун же башка мас кылуучу заттарды колдонуудан улам мас абалында жасалган жосундар –

алты жылдан тогуз жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

5. Ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган, алкоголду, күчтүү таасир этүүчү заттарды, баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун же башка мас кылуучу заттарды колдонуудан улам мас абалында жасалган жосундар –

тогуз жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен сегиз жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул Кодекстин 211, 312 − 316-беренелеринде транспорт каражаттары деп аларды башкарууга жол кыймылы чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык транспорт каражаттарын башкаруу укугу берилген транспорт каражаттарынын бардык түрлөрү түшүнүлөт.» (КР 2025-жылдын 14-мартындагы № 56 , 2026-жылдын 5-июнундагы № 81 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [311-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-311)  
Кийинки берене: [312-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-312-1)
