# 312-1-берене. Укук бузгандыгы үчүн мурда жаза чарасы колдонулган, мас абалындагы адамдын транспорт каражатын башкаруусу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 39-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-312-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 312-1-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-312-1

---

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 193-беренесинин 1, 2 жана 4-бөлүктөрүндө каралган укук бузуулар үчүн мурда жаза чарасына тартылган адам жаза чарасын аткаруу аяктаган күндөн тартып бир жылдын ичинде алкоголду, күчтүү таасир этүүчү заттарды, баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды же алардын аналогдорун же болбосо башка маң кылуучу заттарды колдонуудан улам мас абалында транспорт каражатын башкаруусу −белгилүү бир кызмат ордун ээлөө укугунан ажыратуу менен 1000ден 1500 эсептик көрсөткүчкѳ чейин айып пул салууга же бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.».

---

Мурунку берене: [312-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-312)  
Кийинки берене: [313-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-313)
