# 310-берене. Мыйзамсыз аңчылык кылуу же болбосо балыктарды уулоо, жана суу жаныбарларын мыйзамсыз олжолоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 38-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 июля 2026 года № 124 "О внесении изменения в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230048972)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309#diff=56378..56638>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-310>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-310.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 310-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-310

---

1. Олуттуу зыян келтирүү менен мыйзамсыз аңчылык кылуу же болбосо балыкты уулоо же суу жаныбарларын мыйзамсыз олжолоо, анын ичинде урук чачуучу жерлерде же аларга баруучу миграциялык жолдордо жасалса, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Мыйзамсыз аңчылык кылуу же болбосо балыкты уулоо жана суу жаныбарларын мыйзамсыз олжолоо, ал механикалык транспорт каражатын, өзү жүрүүчү сүзүүчү транспорт каражатын же аба кемесин, жарылуучу же химиялык заттарды, электр тогун, балык уулоочу синтетикалык торлорду, газдарды же канаттууларды, айбанаттарды же балыктарды массалык жок кылуунун башка ыкмаларын колдонуу менен жасалып, ири зыян келтирсе, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейинки өлчөмдө айып салууга же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган, төмөнкүдөй жасалган жосундар:

1) мамлекеттик коруктун, заказниктин аймагында же экологиялык кырсык зонасында же болбосо өзгөчө экологиялык кырдаалдын зонасында;

2) сейрек кездешүүчү жана жоголуу коркунучунда турган жаныбарлардын түрлөрүнө, ошого тете пайдаланууга тыюу салынган жаныбарларга карата;

3) кызматтык абалына байланыштуу жаныбарлар ага ишенип берилген же коргоого берилген адам тарабынан;

4) өзгөчө ири зыян келтирүү менен;

5) этиятсыздыктан оор залал келтирүү менен, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул беренеде каралган жосундар төмөнкүлөрдү келтирүү менен жасалган деп таанылат:

- олуттуу зыян (өлчөм), эгерде келтирилген зыян кылмыш жасалган учурда эсептик көрсөткүчтөн жүз эсе ашса;

- ири зыян (өлчөм), эгерде келтирилген зыян эсептик көрсөткүчтөн миң эсе ашса;

- өзгөчө ири зыян (өлчөм), эгерде келтирилген зыян эсептик көрсөткүчтөн он миң эсе ашса.

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 24-июлунда № 124 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [309-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-309)  
Кийинки берене: [311-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-311)
