# 31-берене. Этиятсыздыктан жасалган кылмыш

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 31-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-31

---

1. Жеңил ойлуулуктан же этиятсыздыктан жасалган укукка каршы аракет же аракетсиздик этиятсыздыктан жасалган кылмыш деп таанылат.

2. Эгерде адам өзүнүн жосунун укукка жат деп баалабаса, этияттык кылуу зарылдыгын сезе билип, бирок залал келтирилиши мүмкүн экендигин алдын ала көрө билгендигине карабастан залал келтирилбейт деп негизсиз үмүт кылса, жеңил ойлуулуктан жасалган кылмыш деп таанылат.

3. Эгерде адам этияттык кылуу зарылдыгына шалаакылык мамиле кылгандыктан, мындай зарылдыкты түшүнбөсө жана залал келтирүү мүмкүндүгүн көрө билбесе, аларды түшүнбөсө жана алдын ала көрө биле албаса, шалаакылыктан жасалган кылмыш деп таанылат.

4. Этияттык кылуу зарылдыгы ченемдик укуктук актылардын талаптары жана (же) башка адамдардын кызыкчылыктары менен шартталышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-30)  
Кийинки берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-32)
