# 309-берене. Балык запастарын коргоо эрежелерин бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 38-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-309>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-309.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 309-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-309

---

1. Балык запастарын коргоонун эрежелерин атайылап же этиятсыздыктан бузуу менен суу топтоочу курулманы же насостук механизмди иштетүү, ошондой эле көпүрө, дамба куруу, жардыруу иштерин жана башка жумуштарды жүргүзүү, эгерде балыктардын же башка суу жаныбарларынын өлүмүнө же алар үчүн тоют запастарын жок кылууга алып келсе, -

эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен 200дөн 500 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга жазаланат.

2. Этиятсыздыктан оор залал келтирген ошол эле жосун, -

жүздөн үч жүз саатка чейин коомдук иштерге же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же болбосо бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [308-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-308)  
Кийинки берене: [310-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-310)
