# 308-берене. Жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү жок кылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 38-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-308>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-308.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 308-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-308

---

1. Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген, сейрек кездешүүчү жана жок болуп кетүү коркунучу алдында турган жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү жок кылуу же алардын урук таштаган жерлерин же жумурткаларын жок кылуу, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга жазаланат.

2. Мындай жаныбарлардын же өсүмдүктөрдүн санынын кескин азайышына алып келиши мүмкүн болгон ошол эле жосундар, -

жүздөн үч жүзгө чейин коомдук иштерге же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Этиятсыздыктан оор залал келтирген ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган жосундар, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [307-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-307)  
Кийинки берене: [309-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-309)
