# 306-берене. Жерди бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 38-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 1 апреля 2022 года № 22 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере землепользования"](https://aqlex.ai/kg/doc/112359)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309#diff=1283353..1283354>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-306>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-306.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 306-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-306

---

1. Этиятсыздыктан жерди ууландырууга, булгоого же башкача түрдө бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер мунапысынын объекттерине туш келген жерлерди кошпогондо, чоң аянттардагы түшүмдүү жерди жок кылууга, же болбосо башка олуттуу залал келтирүүгө алып келүүчү уулуу химикаттарды, өсүмдүктөрдүн өсүүсүнө түрткү берүүчү жана башка коркунучтуу химиялык же биологиялык заттарды сактоо, пайдалануу жана ташуу эрежелерин атайылап же этиятсыздыктан бузуу, -

эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Этиятсыздыктан оор залал келтирген ошол эле жосун, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул беренеде чоң аянттар деп өлчөмү 1 гектардан ашык аянттар түшүнүлөт. (КР 2022-жылдын 1-апрелиндеги № 22 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [305-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-305)  
Кийинки берене: [307-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-307)
