# 303-берене. Дарактарды жана бадалдарды мыйзамсыз кыюу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 38-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-303>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-303.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 303-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-303

---

1. Олуттуу өлчөмдө зыян келтирген мамлекеттик токой фондуна кирбеген токойлордо же болбосо корголуучу же жашылдандыруу чөлкөмдөрүндө дарактарды жана бадалдарды алардын өсүүсүн токтото турган деңгээлге чейин мыйзамсыз кыюу же бүлүнтүү, ошого тете ар кандай жерлерде өзгөчө корголуучу дарактардын, же болбосо өзгөчө баалуу дарак түрлөрүнүн алардын өсүүсүн токтото турган деңгээлге чейин мыйзамсыз кыюу же бүлүнтүү, -

эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ири өлчөмдө зыян келтирген ошол эле жосундар, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [302-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-302)  
Кийинки берене: [304-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-304)
