# 30-берене. Атайылап жасалган кылмыш

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 30-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-30

---

1. Түз же кыйыр кара ниеттик менен жасалган укукка жат жосун атайылап жасалган кылмыш деп таанылат.

2. Эгерде адам өзүнүн жосунунун укукка жат экендигин түшүнсө, залал келтирүү мүмкүндүгүн алдын ала билсе жана зыян келтирүүнү кааласа же болбосо зыяндын болбой койбостугун алдын ала көрө билсе тике кара ниеттик менен жасалган кылмыш деп таанылат.

3. Эгерде адам өзүнүн аракетинин укукка жат экендигин түшүнсө, залал келтирүү мүмкүндүгүн алдын ала билсе жана залал келтирүүнү каалабаса, бирок залалды келтирүүгө аң-сезимдүү жол берсе (залал келтирилишине кайдыгер болсо) кыйыр кара ниеттик менен жасалган кылмыш деп таанылат.

---

Мурунку берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-29)  
Кийинки берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-31)
