# 299-берене. Экологиялык коркунучтуу заттарды жана калдыктарды урунуу эрежелерин бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 38-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-299>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-299.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 299-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-299

---

1. Этиятсыздыктан олуттуу залал келтирген белгиленген эрежелерди атайылап же этиятсыздыктан бузуу менен радиоактивдүү, бактериологиялык, химиялык заттарды жана калдыктарды ташуу, көмүү же утилдештирүү, ошого тете экологиялык кырсык чөлкөмүндө же өзгөчө экологиялык кырдаалдын чөлкөмүндө радиоактивдүү, бактериологиялык, химиялык заттарды жана калдыктарды көмүү же утилдештирүү, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Этиятсыздыктан оор залал келтирген ошол эле жосундар, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [298-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-298)  
Кийинки берене: [300-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-300)
