# 297-берене. Керектөөчүлөр үчүн коркунуч түзүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 37-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-297>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-297.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 297-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-297

---

1. Этиятсыздыктан олуттуу зыян келтирген керектөөчүлөрдүн өмүрүнүн же ден соолугунун коопсуздугунун талаптарына жооп бербеген товарларды өндүрүү же сатуу, жумуштарды аткаруу же кызмат көрсөтүү, ошого тете аталган товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн коопсуздук талаптарына шайкештигин ырастоочу расмий документти мыйзамсыз берүү же колдонуу, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 200дөн 500 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар:

1) он төрт жашка толо элек балдарга арналган товарларга, жумуштарга же кызмат көрсөтүүлөргө карата;

2) этиятсыздыктан оор залал келтирсе, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [296-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-296)  
Кийинки берене: [298-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-298)
